Америкалык "Tesla" жана "SpaceX" компанияларынын түптөөчүсү Илон Маск Техас штатында жаңы шаар негиздейт. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.
Басылмалардын маалыматына караганда, ишкер Илон Маск аталган шаардын аянты Бока-Чика кыштагынан бир канча эсе чоң болорун айтты. Ошондой эле шаарда иттерге дагы өзгөчө мамиле жасаларын кошумчалап өткөн.
"Техаста Старбэйз шаарын курам" деп жазып калтырган Илон Маск.
Былтыркы жылдын аягында Илон Маск Калифорниядан Техаска көчүп келген.