Түз эфирге үч киши чыкса болот. Инстаграмда жаңы функция ишке кирет

Мындан ары Инстаграм социалдык тармагында Live Rooms жаңы кызматы аркылуу түз эфирге бир убакта үчтөн киши чыгып, бири-бири менен сүйлөшө алат. Бул тууралуу аталган компанияга шилтеме берип, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, бул функция жакынкы күндөрү дүйнө боюнча жеткиликтүү болот.

"Жаңы кызмат эми түз эфирге чыккандардын, анын ичинде белгилүү адамдар менен шоу алып баргандардын санын көбөйтөт. Ошондой эле бул жаңы кызмат бизнес жүргүзүп, каражат табууга жол ачат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Инстаграм колдонмосунда буга чейин түз эфирге бир эле кишини кошуп, эки гана киши баарлаша алчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан