Шри-Ланкада коронавирустан каза болгондорду алыскы аралга жерге беришет

Шри-Ланкада коронавируска байланыштуу жаңы чечим кабыл алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Ага ылайык, эми коронавирустан өлгөн мусулмандар менен христиандардын сөөгүн алыскы аралга алып барып көмүшөт.

Мындан ары коронавирустан каза болгондор борбор шаар Коломбодон 300 чакырым алыстыктагы Иранативу аралына коюлат. Өкмөттүн басма сөз катчысы Кехелия Рамбуквелла аталган арал сөөк көмүү үчүн атайын берилгенин айтты.

Мурдагы мыйзам боюнча коронавирустан каза болгондор 2020-жылдын март айынан бери өрттөлүп келе жаткан. Бул жагдай өлкөдөгү мусулман жана христиан топторунун нааразычылыгын жараткан. Бириккен Улуттар уюму да "Адам укуктары бузулуп жатат" деп эскертүү берген.

26-февралда Пакистандын премьер-министри Имран Хандын Шри-Ланкага эки күндүк сапарынан кийин эпидемиядан каза болгондорду өрттөө милдети алып салынды.

Калкынын көпчүлүгү буддисттер болгон Шри-Ланкада калктын 9 пайызга жакынын мусулмандар, 7 пайызга жакынын христиандар түзөт. Өлкөдө ушул кезге чейин 65 миңден ашуун адамдан коронавирус аныкталып, 283 адам коронавирустун жаңы түрүнөн улам көз жумган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан