Ооган өкмөтү 3 журналисттин өлүмүнө алып келген кол салуу үчүн Талибанды айыптоодо

Ооган өкмөтү кечээ, 2-март күнү кечинде өлкөнүн чыгышындагы Нангархар аймагында жеке менчик телеканалда иштеген 3 кызматкердин өлүмүнө Талибан кыймылын күнөөлөдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Ооганстандын президенти Ашраф Гани Талибан мындай чабуулдарды жасоо менен ырайымсыздыктын жеткен чегин көрсөтүп, өлкөнү коргоп жаткан күчтөргө коркунуч жаратып жаткандыгын билдирген.

Нангархар полициясы кол салууга шектүү катары үч адамды кармаган. Тергөөнүн жүрүшүндө кол салууну Талибан жасады деген бүтүмгө келишкен. Бирок айыптоону Талибандын өкүлдөрү четке кагууда.

Былтыр, 2020-жылдын декабрь айында ушул эле телеканалда иштеген журналист Малалай Мейванд атып өлтүрүлгөн. Иликтөөлөр көрсөткөндөй өлкө боюнча акыркы 4 айда 5 журналист курман болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан