Япониялык миллиардер Айдын айланасында космоско учуу үчүн билет ойнотот

Япониялык миллиардер Юсаку Маэдзава "Starship" космос кемесиндеги 8 орунга сынак жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Юсакунун эки гана тандоо критерийи бар: талапкерлер адамзат үчүн "горизонтторду кеңейтүүгө" аракет кылып, экипаждын башка мүчөлөрүн колдошу керек. Бирок азырынча Маэдзава бул сапаттарды канчалык деңгээлде так сынай турганы белгисиз. Бирок сыягы искусство менен байланышкан адамдар акыры чакыруу алышат. Миллиардер буга чейин мындай өнөктөштөр менен саякаттоону каалай турганын айткан.

"DearMoon" миссиясы 2023-жылы космоско учат. Космостук туристтер Илон Масктын "Starship" космос кемесинде Айды айланып алты күндүк саякатка чыгышат. SpaceX'тин башчысынын айтымында, бул учуу "Starship" кемеси Марсты колониялаштыруу үчүн идеалдуу экендигинин негизги далили болот.

Сынакка катышуу арызын иш-чаранын расмий сайтына 14-мартка чейин берүү керек. Ошол эле учурда катышуучулардын жарандыгы жана жашаган өлкөсү кызыктырбайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jazmina909090
2021-03-03 23:09:28
Ии Кудай ай марс эмес биягы дегенде японяга барып келсем кана
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан