Германияда 8-марттан баштап коронавирус илдетинин саны азайган аймактарда карантин эрежелери жумшартылат. Бул тууралуу Ангела Меркель билдиргенин дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
"8-марттан баштап коронавирус илдети аз катталган (50дөн аз адам) аймактарда карантин эрежелери жумшартылат. Анда дүкөндөрдүн ачылышы, ошондой эле музейлер, зоопарктар жана ботаникалык бакчалар ачылышы ыктымал", - деп жазылат маалыматта.
Акыркы маалыматтар боюнча, Германияда коронавируска 2 миллион 460 миң адам кабылса, 70 миң 926 бейтап каза болду.
Германияда катуу карантин 16-декабрдан баштап күчүнө кирген. Анда азык-түлүк, тиричиликке маанилүү буюмдарды саткан дүкөндөрдөн башка бардык соода түйүндөрү жабылган.