Жарылуу коркунучунан улам дүйнөнүн жети кереметинин бири болгон Тадж-Махалга келген миңге жакын адам эвакуацияланды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Тадж-Махалга жарылуучу зат коюлгандыгы тууралууу белгисиз адамдан маалымат түшкөн. Мындан улам полиция кызматкерлери Тадж-Махалдын батыш жана чыгыш дарбазаларын жаап, жардыргыч затты чукул издөөгө киришкен.
Издөө иштеринин жүрүшүндө жарылуучу зат табылган эмес жана маалымат жалган болуп чыккан. Полиция маалымат берген адам Ферозабад шаарынан чалуу жасаганын аныктап, учурда аны издөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Тадж-Махал коронавирустан улам жарым жылдан ашык жабылгандан кийин 2020-жылдын 21-сентябрында кайрадан ачылган.