Гурбангулы Бердымухамедов уулу Сердарга наам ыйгарды

3-мартта Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Коопсуздук Кеңешинин бардык мүчөлөрүнө, анын ичинде уулу Сердар Бердымухамедовго Түркмөнстандын коргоочусу наамын ыйгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Бердымухамедов Коопсуздук кеңешинин бардык мүчөлөрүнө, анын ичинде уулу Сердар Бердымухамедовго Түркмөнстандын коргоочусу (Türkmenistanyň Watan goragçysy) ардактуу наамын берүү жөнүндө чечимин жарыялады.

Бул наам 2021-жылы 16-январда негизделген жана "мамлекеттик көз карандысыздыкты, суверендүүлүктү, аймактык бүтүндүктү, конституциялык түзүлүштү, мыйзамдуулукту жана тартипти коргоодо зор эмгек сиңирген" Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрүнө ыйгарылат. Ага татыктуу болгондор тиешелүү төш белги менен сыйланат.

Сердар вице-премьер-министр кызматына дайындалып, Коопсуздук Кеңешинен орун алганына бир ай боло элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Janybekleilekkg
2021-03-04 23:56:45
Казанчыга баары бир кайдан кулак чыгарса дегендей эле да бул жагы
+8
eddi.
2021-03-05 02:39:08
Атасынын баласы да
+4
Almaz-pazilbaiuulu
2021-03-05 03:56:57
Гурбангулы 2 болот да э
+2
Haanykeim
2021-03-05 09:58:39
Атасы президент болуп турганда баары болот да..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан