Окумуштуулар кандай адамдар пандемия маалын жеңил өткөрөрүн айтышты

Италиялык Фиренце университетинин окумуштуулары коронавирус пандемиясы учурунда кайсы типтеги адамдарга чыдоо оңой экендигин аташты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, окумуштуулардын ою боюнча пандемия мезгилине тайманбас, бейкапар жана текебер адамдар оңой эле чыдайт.

Авторлор COVID-19 социалдык обочолонуу психологиялык кесепеттерге алып келиши мүмкүн экендигин, анын ичинде стресстин жогорулашына же эмоционалдык туруктуулуктун төмөндөшүнө алып келерин белгилешкен. Изилдөөчүлөр сурамжылоону 2020-жылдын 10-мартынан 2-июнуна чейин жүргүзүшкөн. Акыркы тандоо 619 адамдан туруп, орточо жашы 31 жашты түздү.

Изилдөөгө ылайык, бейкапар жана текебер адамдар, ошондой эле башка "кара" мүнөздүү касиеттерге ээ адамдар, чектөөчү чаралардан аман-эсен өтүп, стресстин деңгээли төмөн болгон. Көңүлү өзгөрүлүп, психикалык жактан туруксуздукка кабылган адамдардын пандемияга туруктуулугу төмөн экени кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан