Компьютерлер үчүн WhatsApp тиркемесинде эми чалуулар мүмкүн болду. Бул тууралуу 4-мартта мессенжерге ээлик кылган Facebook компаниясынын сайтына шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазды.
"Биз жеке, коопсуз үн жана видео чалууларды компьютерлер үчүн WhatsApp тиркемесинде жеткиликтүү экендигин кубануу менен билдиребиз", - деп билдирген басма сөз кызматынан.
Чалуулар аягына чейин шифрлөө менен корголот, ошондуктан мессенжердин администрациясы аларды көрө же уга албайт.
Азырынча жеке аудио чалуулар функциясы колдонуучуларга жеткиликтүү болот. Келечекте топтук аудио жана видео чалууларды жасоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.