Ирактын Саламаттыкты сактоо министрлиги орусиялык "Sputnik V" коронавируска каршы вакцинасын каттады. Бул тууралуу 4-мартта Орусиянын Түз инвестициялар фондунун сайтына шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, Ирак "Sputnik V" вакцинасын каттаган 45-өлкө болуп калды. Буга чейин бейшемби күнү таң эрте вакцина Лаос жана Шри-Ланкада катталган. Мындан тышкары, Молдова COVID-19га каршы вакцинанын 10 түрүн, анын ичинде "Sputnik V" да каттаган.
"Sputnik V" мамлекеттик көзөмөл органдарынан алынган макулдуктардын саны боюнча коронавируска каршы вакциналардын алдыңкы үчтүгүнө кирет. Ал COVID-19га каршы Орусияда жана дүйнөдөгү биринчи вакцина.
"The Lancet" медициналык журналынын тастыктоосу боюнча вакцинанын эффективдүүлүгү 91,6% ды түзөт.