Түркиянын түштүк-чыгышында аскер учагы кулап, 10 жоокер жана генерал-лейтенант каза болду

Кечээ, 4-мартта Түркиянын түштүк-чыгышында аскер учагы кулап, 10 жоокер жана генерал-лейтенант каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, тик учак Бингөл шаарынан учуп чыгып, Битлис провинциясынын Татван шаарында кырсыкка учураган. Учкучтар менен болгон байланыш тик учак учуп кеткенден 30 мүнөт өткөндөн кийин жоголгон.

"Издөө иштеринин жыйынтыгында, тик учак кырсыкка кабылганы белгилүү болгон. Ошол жерден 9 адам каза болсо, кийин каза болгондор 11ге жеткен. Түркия мамлекетинин башчысы Режеп Тайип Эрдоган көз жумгандардын жакындарына көңүл айтты. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан