"Жашоого мүмкүнбү?". Марс планетасынын жаңы сүрөттөрү жарыяланды

Кытайдын Улуттук космостук башкармалыгы Марс планетасынын үч сүрөтүн жарыялады. Мындай маалымат чет элдик басылмаларда жазылды.

Маалыматка ылайык, планетанын сүрөттөрү "Тяньвэнь-1" аталышындагы зондтон алынган. "Тяньвэнь-1" зонду өткөн жылдын июль айында өзүнүн сапарын баштаган. Анын максаты Марс планетасын айланып чыгуу. Зонддун Марска конуусу ушул жылдын май-июнь айларына пландалууда.

Эгерде конуу ийгиликтүү ишке ашса, илимпоздор Марстын атмосферасын, рельефин, геологиялык мүнөздөмөлөрүн, магнит талаасынын өзгөчөлүктөрүн кененирээк изилдешет.

Буга чейин АКШнын Улуттук аэронавтика жана космос агенттигинин (NASA) "Perseverance" космостук кемеси Марс планетасынан алгачкы үндөрдү жаздыргандыгы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Daniel01
2021-03-05 15:32:44
Марста алтын барбы кантип казып алса болот ошол жонундо изденип жатабыз деп жазышса болмок
+5
Kadyrova_
2021-03-05 15:42:48
Daniel01,туура ошентип жазышса болмок мобул биздин 120 чимкиригибиз ошол жака чыгып жоголмок.
+2
bekuluik
2021-03-06 09:20:29
Kadyrova_, Биздин 120 чочко алтын казмак беле? Араларында уялып журушсо.
0
stal.ks
2021-03-05 16:02:26
Биздикилер чыккыче дагы 200жыл бар
+2
Akyl78.1501
2021-03-06 12:48:21
Биздин депутаттар марска эмес алыскы айыл жерлерине барып элдин көйгөйүн угуп алышсын биринчи. Марска аларга жол болсун. Баткенге чек арада жашаган элдерге 1 жолу барып койбойт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан