Аргентинадагы шаардын мэри коронавируска каршы эмдөөгө Путиндин сүрөтү менен келди

Аргентинадагы Роке-Перес шаарынын мэри Хуан Карлос Гаспарини коронавируска каршы эмдөөгө Орусиянын президенти Владимир Путиндин сүрөтү менен келди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, мэр мындай кадамы менен Аргентина элин сактап калгандыгы үчүн Путинге ыраазычылык билдирерин көрсөткүсү келген.

"Мен Путиндин Аргентина эли үчүн кылган жакшылыктары үчүн ыраазычылык билдиргим келди. Орусиянын SPUTNIK V вакцинасы миңдеген биздин жарандарыбыздын өмүрүн сактап калды. Орус элинин колунан эмнелер келерин, алар илим чөйрөсүндө бир топ алдыга кеткенин ар бир билимдүү адам билет деп ойлойм", - деп билдирген Гаспарини.

Аргентина Латын Америка өлкөлөрүнүн ичинен эң алгачкы болуп орус вакцинасын расмий каттоого алган. Учурда аталган өлкөдө коронавируска каршы массалык эмдөө жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Gulina90
2021-03-06 09:27:10
Путин кыйын чындыгында.
+11
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан