Дүйнө 2022-жылдын башында пандемия менен күрөшүп бүтөт, бирок бул коронавирустун өзү жок болот дегенди билдирбейт. Мындай божомолду Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) регионалдык бюросунун директору Ханс Клюге билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
"Менин оюмча, 2021-жыл дагы бир коронавирус жылы болот. Бирок азыр биз окуяларды алдын-ала болжоп башкара алабыз. 2020-жылы ден соолукта дагы, саясатта дагы белгисиздик болгон. Бир жылдан кийин биз дагы көп нерселерди билебиз, бизде шаймандар, диагностикалык программалар, вакцина бар. Менин жумушумда алдын-ала пландаштыруу маанилүү. Ошондуктан мен 2022-жылдын башында пандемия бүтөт деп эсептейм, бирок бул вирус өзү жок болот дегенди билдирбейт", - деди ал.
Жаңы коронавируска себеп болгон оорунун очогу 2019-жылдын декабрь айынын аягында Хубэй провинциясында (Борбордук Кытай) катталган. Былтыр 11-мартта ДСУ аны пандемия деп тааныган.