Кытай пенсия курагынын жогорулагандыгын жарыялады

2021-жылдан 2025-жылга чейин Кытай бийлиги пенсияга чыгуу курагын акырындык менен көбөйтөт. Бул тууралуу мамлекеттик кеңештин премьери Ли Кэцян билдиргенин чет элдик басылмалар жазды.

"Биз төрөлүүнүн тийиштүү деңгээлине жетишүү үчүн иштейбиз. Карылык боюнча пенсиянын базалык камсыздандыруусу калктын 95 пайызына чейин камтылса, стандарттык пенсия курагы этап-этабы менен жогорулайт", - деди ал.

2017-жылдын аягына карата абал боюнча КЭРдин калкы 1,39 миллиард адамга жетти, алардын 240 миллиону (17,3 пайыз) 60 жаштан ашкан адамдар. Болжолдоолорго ылайык, 2035-жылга чейин Кытайда ар бир экинчи салык төлөөчүгө бирден пенсионер туура келет, 2030-жылдан кийин жумушчу күч кескин жетишпейт, ал эми 2050-жылга чейин 487 миллион кытай кары болот - бул калктын 34,9 пайызы.

Азыр республикада эркектер 60 жашта, аялдар 55 жашта пенсияга чыгышат. Бул дүйнөдөгү эң эрте пенсия курагынын бири, ал 1978-жылы негизделген, анда орточо жашоо узактыгы 68 жаш болгон. Андан тышкары, мамлекеттик кызматкерлерге, партиялык жана мамлекеттик органдардын кызматкерлерине пенсияга чыгуу үчүн минималдуу 15 жылдык эмгек стажы керек.

Жакында Кытайда жашоо узактыгы 77 жаштан ашты. Ошондуктан бийлик реформалоо планын карап жатат, ага ылайык, 2045-жылга чейин, пенсияга чыгуу курагы аял, эркекке бирдей 65 жашка чейин көтөрүлөт. Адистердин айтымында, бул айрым аймактардагы пенсиялык карыздар боюнча көйгөйлөрдү жоюп гана тим болбостон улгайган ата-энелерди багууга милдеттүү болгон балдардын түйшүгүн жеңилдетет. Бирок реформанын каршылаштары пенсия курагын көтөрүү жаш адистерге жумуш издөө көйгөйүн татаалдаштырат деп эсептешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Gulina90
2021-03-05 22:10:45
Тооба кытайлар кырылып эле калгыла,пенсияны алуу Насип этеби ,же ага жетпей калабы ким билет.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан