Львов шаарында көчө музыканттары орус тилинде аткарылган ырдын айынан токмоктолду

Украинаны Львов шаарында көчө музыканттарын орус тилинде ыр аткаргандары үчүн сабап салышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, ыр аткаруу учурунда жаштарга "тил активисти" кол салган деп айтылууда, бирок ал музыкалык номерди үзгүлтүккө учурата алган жок, андан кийин аял артка чегинген. Андан кийин белгисиз жаштардын тобу музыканттардын жанына келип, алар менен мушташып, музыкалык аспаптарын сындырып салышкан.

Кийинчерээк окуянын видеосу жарыяланган. "Тил активисти" музыканттардан украин тилинде ырдоону талап кылган жана болгон окуядан кийин ал алардын токмоктолгонуна сүйүнүп, орус тилдүүлөргө зордук-зомбулук көрсөтүүгө чакырган.

Буга чейин январь айында Украинада кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө украин тилин колдонуу милдеттүү болгон талап коюлган. Башка тилдер мекемелердин конокторунун суранычы боюнча гана колдонулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан