Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү коронавирус качан жок болушу мүмкүн экенин айтты

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа бөлүмүнүн башчысы Ханс Клюге коронавирус качан жок болушу мүмкүн экенин айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, Клюгенин божомолунда ковид илдети 2022-жылы жок болот. Бирок айрым өлкөлөр чектөөлөрдү тездик менен алып салса, вирус кайрадан жайылышы мүмкүн.

"2021-жыл дагы бир ковид жылы болот. Бирок илдетти алдын алууга, абалды толук башкарууга мүмкүн болот. Мисалы өткөн жылы туңгуюк абалга кептелгенбиз. Бир жылдан кийин биз көп нерселерди билип калдык. Вируска каршы куралдарыбыз бар, вакциналарыбыз бар. Ошондуктан алдын ала пландап иш жүргүзсөк, келерки жылы бул дартты толугу менен жеңип чыга алабыз", - деп билдирген Клюге.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
talant87
2021-03-06 10:14:20
Бир кудайдын колунан келет бар кылыш жок кылыш
+14
zhazgul98
2021-03-06 10:24:33
talant87,
Кудайдан сурап билип берчи. Эл кырылып жатса Кудай көрмөксөнгө салып жатат.
-20
bekhaliev
2021-03-06 10:48:37
zhazgul98,мал экенсин
+13
Asyl.jazi
2021-03-06 16:25:13
zhazgul98,тооба кыл. Эсин барда этегинди жап.
+7
Asmat84
2021-03-06 19:42:16
zhazgul98,сучка кайсы бетиң менен жаздың кантип дитин барды
+1
zhazgul98
2021-03-06 10:22:19
Эң коркунучтуу вирус - бул коркуу сезими, анткени кыска убакыттын ичинде ал адамдын иммунитетин тең салмактан чыгарат.
+10
Sagyn.91
2021-03-06 11:10:09
Булар айтаберет,созунон кайтаберет)
+1
Nursul
2021-03-06 21:04:32
Булар дагы баштадыбы жомогун. Ушул окумуштуулар аз кезде жакшы эле азыр көбөйүп кетип биринен бири өтүп оюна келгенин урдуруп атышат. Мынчасы токтойт мынчасы башталат озулорунчо эле көз ачык түшүнбөйсүң эртең бирөөсү чыгып ага чейин эле жок болуп кетет деп додуроп чыгат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан