Голливуд актёру Николас Кейж 5-жолу үйлөндү

Голливуд актёру Николас Кейж 5-жолу үйлөндү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, анын колуктусу 26 жаштагы япониялык Рико Шибату. Ал Кейждин улуу уулунан 4 жашка кичүү. Жубайлардын үлпөт тою Лас-Вегас шаарында өтүп, Рико жолдошунун фамилиясын алган. Актёр келинчегине кара түстөгү бриллиант чегерилген шакек белек кылган.

2019-жылдын июнь айында Кейж визажист Эрика Койке менен баш кошуп, 4 күндөн кийин ажырашып кеткен. Мындай кадамын ал Койкеге мас абалында үйлөнүп алганы менен түшүндүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Sagyn.91
2021-03-06 11:09:17
Бироого сын айтып болбойт...
+6
Belek1710
2021-03-06 12:49:17
Бактылуу болсун!
+4
bond02
2021-03-06 13:01:24
Бул жолкусунда кыз мас абалында турмушка чыгып алган жокпу, коздор башкача го.
+8
voennyi88
2021-03-06 13:56:47
Шумдугун кургур. А биздин жаз 33до.1дагы жок
0
KaGaH
2021-03-06 14:12:00
Чүйлүк, көлдүк кыздарга окшош экен жымшыйтып )))
-2
ainura220888
2021-03-06 14:13:12
Вкусу асынып олуп алганбы
0
Marni
2021-03-06 14:21:52
Эмне дейли эми. Баш кошкон эки жаш бактылуу болушсун. Көшөгөсү көгөрсүн. Короосунда "тапичкелер" көбөйүп, келээрки жылы бешик тойдон жолугалы.Рахмат, алтындарым.
+2
Arai92
2021-03-06 16:39:42
Николас Кейждин вкусу вообщего...??? Же айнып калганбы...
0
stal.ks
2021-03-06 19:00:53
Жаштыгына кызыгып эле уйлонуп алганго
-2
KaGaH
2021-03-06 19:07:28
stal.ks,ысык и тар депби )))
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан