Кытай коронавируска каршы вакцинаны 69 өлкөгө бекер берип, 43 өлкөгө сатат

Кытай Эл Республикасы 69 өлкөгө коронавируска каршы вакцинаны бекер берет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, 10 миллион даана кытай вакцинасы 69 өлкөгө бекер берилсе, 43 өлкөгө сатылат.

"COVAX демилгесинин алкагында, биз 10 миллион доза вакцинаны өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө бекер беребиз деп убада бердик. Кытай кайтарымсыз түрдө 69 өлкөгө вакцина таратат, ал эми 43 өлкөгө экспорттойт. Биз вакциналар боюнча эл аралык кызматташууда ишенимдүү түрдө алдыда келе жатабыз", - деп билдирген өлкөнүн тышкы иштер министри Ван И.

Мындан сырткары ал Кытай бийлиги БУУнун ыктыярчыларына вакцина тартуулагандыгын кошумчалаган.

"Вакцина менен эл аралык Олимпиада комитетин, олимпиада оюндарына катыша турган спортчуларды да камсыз кылууга даярбыз", - деп билдирген министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Gulizaa
2021-03-07 18:45:35
Оздору ооруну таратып ,оздору бекер беришет экен Эми.хмм
+4
Gulina90
2021-03-07 21:20:16
Олгуло,бекер берседа албаш кк булардан бардык нерсени күтсө болот.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан