Дүйнөдөгү эң бай адамдын, "Amazon" корпорациясынын башчысы Жефф Безостун мурунку аялы Маккензи Скотт Американын Сиэттл шаарындагы жеке мектептин илим мугалими менен баш кошконун чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, буга чейин Жефф Безостун мурунку аялы 1,7 миллиард доллардан ашык каражатты кайрымдуулукка жумшагандыгы маалымдалган. Кайрымдуулук жөнүндө ал блогун "Medium" платформасында жазып, ал жерде дагы аты-жөнү өзгөргөнүн жарыялаган.
"Мен өмүрүмдүн көпчүлүк бөлүгүндө мугалим болуп иштедим. Эми бактылуу кокустуктан улам мен билген эң берешен жана боорукер адамдардын бирине турмушка чыгып, ага кошулуп, башкаларга жардам берүү үчүн эбегейсиз финансылык капиталды берүүгө даярмын", - деп билдирген.
Форбстун версиясы боюнча, Маккензи АКШдагы эң бай аялга айланган. 2019-жылы "рекорддук ажырашуу процессинин" натыйжасында, ал Безостун Амазондогу үлүшүнүн төрттөн бир бөлүгүнө ээ болгон. Анын байлыгы, Форбстун маалыматы боюнча, андан кийин 36 миллиард долларды түзгөн. Дүйнөдөгү эң таасирдүү 100 аялдын рейтингинде Маккензи 67-орунду ээледи.