АКШнын Улуттук аэронавтика жана космос агенттиги (NASA) радиациянын көбөйүшүнөн улам Жердеги жашоо миллиард жылда жок болоорун жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Изилдөөчүлөр тобу убакыттын өтүшү менен Жерде кычкылтек азайып, жашоого мүмкүн болбой калат дешкен. Бирок бул өтө жай процесс жана күнүмдүк жашоого таасирин тийгизбейт. Бул туура 1 миллиард жылдан кийин болушу мүмкүн.
Мындан 2,5 миллиард жыл мурун Жер кычкылтекке бай планета деп табылган.