Пакистанда соттун чечиминен кийин популярдуу TikTok социалдык тармагын колдонууга тыюу салынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, сот бул маселени социалдык тармактын колдонуучуларынын арызданууларынан кийин карай баштаган. Арызда анда тиркеме адепсиз мазмундагы маалыматтарды таратып жатат деп жазылган. Телекоммуникация агенттиги буйрукту ишке ашырмай болду. Пакистандагы TikTok компаниясынын өкүлү соттун чечими жөнүндө укканын жана бул тууралуу кийинчерээк түшүндүрмө берерин айткан.
Пекиндик ByteDance компаниясына таандык кыска видеолорду көрүү кызматы болгон TikTok тиркемеси Пакистандагы WhatsApp жана Facebook'тан кийин эң көп жүктөлгөн тиркемелердин бири болгон.