Нур-Султан шаарында Нооруз майрамын өткөрүүгө тыюу салынды

Казакстандын Нур-Султан шаарында Нооруз майрамын өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Билдирүүгө ылайык, Нур-Султан шаарында бардык майрамдарды, анын ичинде Нооруз майрамын өткөрүүгө тыюу салынды. Өткөн аптага салыштырмалуу коронавирус илдетинин жайылышы 10 пайызга жогорулаган.

"Шаарда коронавирус илдети өткөн аптага салыштырмалуу 9,9 пайызга жогорулаган. Өткөн аптада сутка ичинде 70 адамдан илдет аныкталып жатса, бул аптада 143 адам илдетке кабылды. Оорунун эң негизги себептери калк санитардык нормаларды сактабай жатат", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kkkk3259780
2021-03-13 06:37:40
бизде деле токтотуп койсо болот.
+3
dkrf
2021-03-13 08:26:50
Биз тосушубуз керек. Нооруз - бул биздин, кыргызстандыктардын башын бириктирген жаркын жана боорукер майрам.
0
Baha.A
2021-03-13 13:11:51
dkrf,чачты жайганга силерге жакшы шарт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан