Казакстандын Караганда, Түндүк Казакстан, Павлодар жана Акмола облустарында 12-мартта абанын температурасы төмөндөйт. Бул тууралуу Казакстан гидрометке таянып, жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, суук 30 градуска жетет. Синоптиктердин билдирүүсү боюнча, айрым аймактарда туман, шамал, жаан-чачын болушу ыктымал.
"Көпчүлүк аймактарда аба ырайы начарлап, жолдор тайгак жана тоңголок болору айтылгандыктан, Казакстанда облустар аралык жолдор убактылуу жабылды", - деп жазылат маалыматта.