Кытайлык "Alibaba" компаниясына тарыхтагы эң ири айып салынышы мүмкүн

Кытайдын монополияга каршы органдары "Alibaba" компаниясына дүйнөдөгү рекорддук айып пул салуу мүмкүнчүлүгүн караштырууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, айып пул 975 миллион доллардан ашышы мүмкүн.

"Кытайдагы мурунку рекорддук айып пул 975 миллион долларды түзгөн, аны 2015-жылы АКШнын "Qualcomm" компаниясы Кытайдын монополияга каршы мыйзамдарын бузгандыгы үчүн төлөгөн. Бул айып пул Кытайдын тарыхындагы эң ири айып пул болуп саналат.

Мындан тышкары "Alibaba" өзүнүн онлайн платформасында продукция саткан компаниялар менен эксклюзивдүү келишим түзүү тажрыйбасынан баш тартууга аргасыз болушу мүмкүн. Бийликтин айтымында, компания ушундай жол менен өз товарын "Alibaba" компаниясына атаандаш платформаларда, анын ичинде "JD.com" сайтында сатууга чектөө койгон.

2020-жылдын аягында "Alibaba" компаниясынын башкы директору Жек Ма Кытайдын каржы мекемелеринин ишин сынга алгандан кийин аталган компанияга каржылык көзөмөл күчөтүлгөн", - деп жазылат маалыматта.

"Alibaba" - Кытайдын эң ири онлайн сатуучу платформасы болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан