Украинада жаныбарлардын укугун коргогон активисттер "Евровидение-2021" ыр сынагына өлкөнүн атынан чыгууну көздөгөн "Go_A" тобунун "Ызы-чуу" аттуу ырынын клибине байланыштуу нааразы болушууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, ыр сынагына катыша турган "Go_A" тобу клибине Украинанын Кызыл китебине кирген сейрек кездешүүчү кушту колдонушкан. Активисттер ал куштун тобу жоголуп кетүү коркунучуна кирет. Мындан тышкары, клипке колдонулган кушту атайын документ менен гана колдонууга уруксат.
Ошол эле учурда активисттер тартылган клипти изилдеп чыгып, куш узак убакыт бою туткунда болгон деген бүтүмгө келишкен.
"Go_A" тобу жана Украина бийлиги азырынча бул окуя боюнча үн ката элек.