"Каза болгондор бар". Алматы шаарындагы аэропорттун жанына АН-26 учагы кулап түштү

Бүгүн, 13-мартта коңшу Казакстандын Алматы шаарындагы аэропорттун аймагына АН-26 аскердик учагы кулап түштү. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, учак саат 17:20лар чамасында кулап түшкөн. Ал Нур-Султан - Алматы багыты боюнча учуп бара жаткан. Учакта жалпы 6 адам болгон жана анын төртөө окуя болгон жерден каза болуп, 2 адам ооруканага жеткирилген.

Учурда окуя болгон жерде ӨКМнын кызматкерлери иш алып барышууда. Ооруканага жеткирилген эки адамдын тең абалы өтө оор экендиги жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
emirchik
2021-03-14 06:33:24
Жаман болуптур Аллахым озу сактасын
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан