Коңшу Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин чек ара кызматына таандык деп болжолдонгон Ан-26 аскердик учагы кулаган жерден видео социалдык тармактарга жарыяланды.
Кечээ, 13-март күнү саат 17:25 чамасында Ан-26 учагы Алматы аэропортуна жакын жерге кулаган. Учактын ичинде алты адам болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, алардын төртөө каза болуп, эки адам өтө оор абалда ооруканага жеткирилген.
Ан-26 учагы Нур-Султан-Алматы багыты боюнча учуп бара жаткан.