Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин чек ара кызматына таандык болгон Ан-26 учагынын кыйрашынан аман калган эки аскер кызматкерине операция жасалып, туруктуу оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатышат. Мындай маалыматты Алматынын саламаттыкты сактоо департаментинин басма сөз кызматы тараткан.
"Бейтаптарга операция жасалды. Алардын абалы туруктуу оор деп бааланууда. Учурда бейтаптар жандандыруу бөлүмүндө жатышат", - деген басма сөз кызматы.
Учурда медицина кызматкерлери бейтаптардын өмүрүн сактап калыш үчүн болгон аракетин көрүп жатышат. Ал эми Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев учак кырсыгынын себептерин иликтөөнү баштоону тапшырган.
Кечээ, 13-мартта кечке жуук Алматы аэропортуна жакын жерге Ан-26 аскердик учагы кулап түшкөн. Учактагы алты адамдын төртөө көз жумуп, эки бейтап күйүк жана сыныктар менен өтө оор абалда ооруканага жеткирилген.