Төңкөрүштөн кийинки эң кандуу күн: Мьянмада 38 демонстрант өлтүрүлдү

Мьянмада бир күн мурун аскердик төңкөрүшкө каршы демонстрацияны таркатуу учурунда кеминде 38 адам набыт болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, нааразычылык акциялары өлкөнүн бир катар аймактарында болгон. Полиция жана аскер кызматкерлери демонстранттарды кадимки ок менен атышкан. "14-март Мьянмада 1-февралдагы аскердик төңкөрүштөн кийинки эң кандуу күн болуп калды", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, 1-февралда Мьянмада бийликти аскерлер көзөмөлгө алып, өлкө көп партиялуу демократиялык системге өткөндүгүн жарыялаган. Аскер бийлиги өлкө боюнча бир жылга киргизилген өзгөчө кырдаал абалы аяктагандан кийин шайлоо өткөрүүнү убада кылышкан. Демонстранттар армияны бийликти демократиялык жол менен шайланган өкмөткө кайтарып берүүнү, 2020-жылы 8-ноябрда шайланган парламенттин биринчи сессиясын чакырууну жана камакка алынган лидерлерди токтоосуз бошотууну талап кылышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан