Тажикстанда бир күндө жети жолу кар көчкү түшүп, бир катар унаа жолдорунда транспорт каттамдары убактылуу токтотулду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, 14-март күнү Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусунун 3 районунда кар көчкү түшүп, айрым участкалардагы жолдор убактылуу жабылган.
Учурда жолдор толугу менен тазаланып, кыймыл калыбына келтирилген.
Кар көчкүнүн кесепетинен адам өмүрүнө зыян келтирилген жана турак-жай имараттары кыйраган жок.