Түркия мамлекети өз аймагына кирген туристтер үчүн жаңы эреже киргизди. Бул тууралуу Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 15-марттан баштап алты жаштан жогору бардык жүргүнчүлөр Түркияга учуп кетердеги 72 сааттын ичинде "Regist.Health.Gov.tr" сайты аркылуу "Саякатчылардын Түркияга кирүү" формасын толтурушу керек.
"Авиакомпаниялар форманын толтурулганын мобилдик тиркеме же кагаз жүзүндө талап кылышат. Форманы толтурууда аты-жөнү, паспортунун номери, жашаган жери, улуту жана каттам тууралуу маалыматтарды англис тилинде жазышы керек. Ошондой эле чет элдиктерден Түркияда убактылуу жашай турган жери жана акыркы 10 күн ичинде кайсы өлкөгө баргандыгы (ред. эгер барган болсо) жөнүндө маалымат талап кылынат. Форма толтурулган соң жүргүнчүгө HES-код берилет. Аны мобилдик тиркеме аркылуу же кагазга басып чыгарып алып, аэропортто жана Түркияда жашай турган мейманканада көрсөтүү зарыл", - деп жазылат билдирүүдө.
Ал эми транзиттик жүргүнчүлөр аэропорттун аймагынан чыкпай турган болсо, бул форманы толтурууга милдеттүү эмес экенин кошумчалашты.