Бүгүн, 16-мартка карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 120 миллион 180 миң 835 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 68 миллион 146 миң 955 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 659 миң 623 адам илдеттен каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 29 миллион 492 миң 616 болду. 535 миң 596 адам каза болсо, 12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 11 миллион 519 миң 609 адамдан аныкталды. 279 миң 286 адам каза болсо, 10 миллион 195 миң 598 бейтап айыкты.
Ал эми Индия өлкөсү үчүнчү орунда. Индияда 11 миллион 385 миң 339 адам вируска кабылган. 158 миң 725 бейтап көз жумса, 11 миллион 7 миң 352 бейтап оорудан сакайды.