Латвияда коронавирустун жаңы "угандалык" штаммы табылды

Латвияда буга чейин Угандада табылган коронавирустун жаңы түрү табылды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалардын маалыматында айтылат.

Маалыматка ылайык, Латвиянын Биомедициналык изилдөө жана билим берүү борборунан билдиришкендей, угандалык A.23.1 штаммы аталган өлкөдө жалпы жети кишиден табылган. "Уганда штаммы жөнүндө маалыматтар жетишсиз. Бирок ал кооптуу болушу мүмкүн", - деп жазылган маалыматта.

Эске салсак, Латвияда коронавирус биринчи жолу өткөн жылы 2-мартта катталган. Акыркы маалыматтар боюнча, өлкөдө 94 миң адам илдетке чалдыкса, 1 миң 769 бейтап көз жумган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан