Нигериянын түндүк бөлүгүндө акыркы мезгилде окуучуларга куралдуу кол салуулар көбөйгөндүктөн, 618 мектептин иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, өлкөдө акыркы мезгилдерде жүздөгөн окуучулар уурдалган. Жергиликтүү бийлик окуучулардын коопсуздугун сактоо максатында бир нече аймактагы 618 мектепти жаап турууну чечкен. Ошондой эле уурдалган окуучуларды издөө жана куткаруу иштери улантылып жатканы айтылды.
Эске салсак, январь айынан бери 5 жолу мектеп окуучуларын белгисиз куралдуу топтор уурдап кеткен. Алар акча талап кылуу үчүн ушундай жолго барышкан.