"Өлүмдүн саны көбөйүү коркунучу бар". Бразилияда коронавирустун кесепетинен жандандыруу бөлүмдөрүндө бош орун калган жок

Бразилияда коронавирустун кесепетинен жандандыруу бөлүмдөрүндө бош орун калган жок. Мындай абал өлкөнүн бардык аймагында байкалууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, өлкөнүн 27 шаарындагы 25 жандандыруу бөлүмү үзгүлтүксүз иштеп жатат. Айрым адамдар ооруканага жетүү үчүн кезекке турууга аргасыз болушууда. Жандандыруу бөлүмдөрүндө адамдардын саны 80 пайыздан ашат, кээ бир аймактарда 90 пайыз, ал тургай 100 пайызга чейин жетүүдө. Буга чейин Сан-Паулу штатында өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Ал эми Риу-Гранди-ду-Сул штатындагы жандандыруу бөлүмдөрүндө бейтаптардын саны абдан көп болгондуктан, шаардагы ири клиникалардын бири жаңы бейтаптарды кабыл албай, баш тартууга аргасыз болгон.
Рондония штатында жандандыруу бөлүмдөрүндө 97,6 пайыз бош орун бар. Бирок орундар толуп, ооруканаларда кычкылтек запасы тез эле түгөнүп калышы мүмкүн деп эскертишет дарыгерлер. Муну менен өлкөдө кычкылтектин жетишсиздигинен өлүмдүн саны көбөйүү коркунучу бар.
Өткөн аптада Бразилияда COVID-19 илдетинен 12 миң 818 адам каза болсо, 464 миңден ашуун адам коронавирус жуктуруп алган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан