Бүгүн, 17-мартка карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 120 миллион 645 миң 738 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 68 миллион 415 миң 232 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 669 миң 734 адам илдеттен каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 29 миллион 546 миң 639 болду. 536 миң 871 адам каза болсо, 12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 11 миллион 603 миң 535 адамдан аныкталды. 282 миң 127 адам каза болсо, 10 миллион 261 миң 154 бейтап айыкты.
Ал эми Индия өлкөсү үчүнчү орунда. Индияда 11 миллион 409 миң 831 адам вируска кабылган. 158 миң 856 бейтап көз жумса, 11 миллион 27 миң 543 бейтап оорудан сакайды.