Бүгүн, 20-мартка карата республиканын стационарларында 395 бейтап коронавирус инфекциясынан дарыланууда. Амбулатордук дарыланууда 363 бейтап жатат. Республикалык штабдан бейтаптардын абалы тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык:
* 2 бейтап (0,5%) - канааттандырарлык абалда;
* 277 бейтап (70,1%) - орто оордукта;
* 98 бейтап (24,8%) - оор абалда;
* 18 (4,5%) - өтө оор абалда.
Республикада коронавирус инфекциясы катталган күндөн бери жалпы 87 миң 321 жаран оорудан жабыркаса, 84 миң 130 бейтап айыкты. Тилекке каршы, 1 миң 488 жаран каза болду.