
Германияда карантин чараларын кайрадан узартуу пландалууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Жазылган маалыматка ылайык, аталган өлкөдө карантин чараларын 18-апрелге чейин узартуу пландалууда.
"Акыркы сутка ичинде Германияда 13 миң 733 адам COVID-19 илдетине кабылса, 99 бейтап каза болду. Германияда учурда аталган илдет бат таралганы байкалууда. Ошондуктан карантин чараларын 18-апрелге чейин узартуу маселеси каралууда.
Пандемия башталгандан бери аталган өлкөдө 2 миллион 659 миң 516 бейтап коронавирус илдетин жуктуруп алса, анын ичинен, тилекке каршы, 74 миң 664ү каза болгон", - деп жазылат басылманын маалыматында.