Париждеги "Ранжис" аттуу ири базарды өлүкканага айлантышмакчы. Бул тууралуу франциялык "le Parisien" басылмасына таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Францияда коронавирус эпидемиясынан каза болгондордун саны көбөйүп жатканына байланыштуу жакынкы күндөрү "Ранжис" аттуу ири базары өлүкканага айланат. Бул чечимди Иль-де-Франс аймагынын жетекчилиги кабыл алган. Буга чейин ооруканаларга жакын жерлерге каза болгондордун сөөгүн сактоочу муздаткыч-контейнерлерди орнотуп келишкен. "Чоң өлүккана колдонууга берилген соң убактылуу коюлган контейнерлер алынат", - дешет аймактык өкүлдөр.
Эске салсак, акыркы маалыматка ылайык, Францияда 59 миң 929 адам вирус жуктурган болсо, анын 12 миң 548и айыгып ооруканадан чыгарылган. Ал эми каза болгондордун саны 5387 адамды түздү.