Саламаттыкты сактоо министри: "Коронавирустан чочулоонун кажети жок"

Бүгүн, 21-февралда дүйнөнү дүрбөтүп жаткан коронавируска байланыштуу маалымат жыйын өтүп жатат. Жыйынга саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев, өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов, Чек ара кызматынын өкүлү Абдыкерим Алимбаев жана тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов катышууда.

2019-жылдын декабрь айынын аягында чыккан вирусту Кытай бийлиги коронавирустун жаңы түрү экенин билдирген.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, дүйнө жүзү боюнча 75 миң 204 адам залалдуу вирусту жуктуруп алышкан. Кытай Эл Республикасында 74 миң 280, Кытайдан сырткары 924 учур катталган. Ал эми Кытайда өлүмгө учурагандардын саны 2 миң 6 адамга жеткен. Башка мамлекетте өлүмгө алып келген 3 учур катталган. Бул залалдуу вирустан айыккандар 16 миң 121 кишини түзөт.

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев маалымат берип жатып, жарандарга чочулоонун кажети жок деп билдирди. Айтымында, коронавирустун алдын алуу үчүн аракеттер жүрүп жатат.

"Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан республикалык жана оперативдик штабдын күнү-түнү тынбаган иши уюштурулууда. 22 санитардык, карантиндик жана убактылуу медициналык пункттарда эпидемияга каршы иш-чаралар жүргүзүлүп жатат", - деди ал.

Саламаттыкты сактоо министри: "Коронавирустан чочулоонун кажети жок"
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
anash
2020-02-21 15:30:22
Таможня ачылат экен деп жатат 26да кытай-кыргызстан дунгандар айтып жатат каргодо иштеген жаап турса жакшы болмок бир жаным болгуча
+1
kechirmeni
2020-02-21 15:44:26
киргизип атасынар го анан кытайлык рабочийлерди, сактанганынар ошолбу
+2
Kyrgyz_bloger
2020-02-21 15:58:42
Чек араны ачса товар учун эле ачып адамдарды киргизбеш керек,айдоочулар маска тагынып этият болуп кирип чыгыш керек.
+2
bekalife
2020-02-21 16:51:58
Бул вирус кун ысыганда олуп жок болот деп жататго ыя? Дарыгерлер.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан