Түндүк Корея плутонийди кайра иштетүүгө шектелди

Америкалык эксперттер Йонбендеги өзөктүк жайдагы активдүүлүктү каттап, Түндүк Корея плутонийди кайра иштетип жатат же ушул процесске даярданып жатат деп шектенишкен. Бул тууралуу Вашингтондо жайгашкан стратегиялык жана эл аралык изилдөө борборунун сайтына жарыяланган докладга шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, спутниктин маалыматтары көрсөткөндөй, акыркы апталарда объектинин жок дегенде бирөөсү дайыма жылытылат: андан буу же түтүн көтөрүлүп чыкканы көрүнгөн. Бул жигердүүлүктү көрсөтүп турат жана Түндүк Корея плутонийди кайра иштетүү же ага даярдануу боюнча жаңы өнөктүктү баштагандыгын билдириши мүмкүн. Ошондой эле бул объект менен байланышкан электр станциясы акыркы мезгилде активдүү иштеп жатканы белгилүү болгон.

АКШда Пхеньяндын бул болжолдуу иш-аракеттери Сеул жана Вашингтон менен тирешүүнү күчөтүү боюнча ойлонулган стратегиянын бир бөлүгү катары каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан