Бүгүн, 6-апрелге карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 131 миллион 696 миң 594 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 74 миллион 752 миң 301 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 859 миң 357 адам илдеттен каза болгон.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 30 миллион 777 миң 338 болду. 555 миң 403 адам каза болсо, канча адам айыгып чыкканы боюнча маалымат жок.
Ал эми Бразилия өлкөсү экинчи орунда. Бразилияда 13 миллион 13 миң 601 адам вируска кабылган. 332 миң 752 бейтап көз жумса, 11 миллион 405 миң 558 бейтап оорудан сакайды.
Үчүнчү орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 12 миллион 589 миң 67 адамдан аныкталды. 165 миң 101 адам каза болсо, 11 миллион 682 миң 136 бейтап айыкты.