100 миллиардер жашайт. Планетадагы эң көп миллиардерлер жашаган шаар аныкталды

Дүйнө жүзүндөгү миллиардерлердин көбү Кытайдын борбору Пекин шаарында жашайт. Мындай маалыматты чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Андагы маалыматка караганда, өткөн жылы Пекин шаарында миллиардерлердин саны 33кө көбөйгөн. Азыр болсо алардын саны 100гө жетти. Коронавируска каршы ийгиликтүү күрөш жана технологиялык компаниялардын өсүшү Пекин шаарын миллиардерлер жашаган шаарлардын сап башына чыгарган.

Пекин шаарындагы эң бай тургун катары TikTok тиркемесинин негиздөөчүсү Чжан Имин саналат. Анын кирешеси 35 миллиард 600 миллион доллар.

Буга чейин 7 жыл катары менен Нью-Йорк шаары миллиардерлердин шаары катары саналып келген. Анда 99 миллиардер жашары айтылган.

Ал эми миллиардерлер көп жашаган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат, бул өлкөдө 724 миллиардер жашайт, экинчи орунда 698 миллиардери менен Кытай өлкөсү турат. Үчүнчү орунда болсо Индия, анда 140 миллиардер жашайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
ulaAjidar
2021-04-08 21:19:18
Кыргызстанда да коп,бекинип жатышатда
+13
jazmina909090
2021-04-08 22:06:18
Тообо Индия элдери эмнеге отеле жакыр десе ошол миллиардерлерде экен да болгон акчасы ырыскылары
+6
Paprikafm
2021-04-08 23:00:30
4-орунда кыргызстан 120 миллиардер жашайт, жазып койгула
+6
Omyke
2021-04-08 23:18:58
Дуйнодо бир нерсени ойлоп табуу менен миллиардер болсо биздикилер бар нерсени сатып жеп миларддер болсо керек)))
+4
Mister-XXX
2021-04-08 23:37:35
Тик ток,инстаграммга окшогон приложение ойлоп табыш керек болуп калды.
+1
raykray
2021-04-09 00:24:21
Биздикилер мечитке карап чуркап журсо анан кайдан ачылыш жа ойлоп тапкыч балдар оссун)
-6
Mr.altynbek
2021-04-09 00:31:34
raykray, озун мечитке,намазга чуркабайт окшойсун сен нени ойлоп таптын? Ойлоп тапканы намаз тоскоол болсо сен коп нерсени ойлоп таап мамлекетти алдына жылдырышын керекле бейнамаз.
+7
Mylatka..
2021-04-09 11:22:43
Бизге негизгиси адал акча ,1000сомбу 100000000сомбу ал маанилүү эмес.Ошол аты чыккан миллиарддерлердин баарынын тагдыры жакшы эмесго,бир өмүрү өткөнчө өз баласынан да коркуп өтүшөт...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан