Орусиялык ырчы, теле алып баруучу Ольга Бузова "Дом-2" долбоорунан расмий түрдө биротоло кетти. Бул тууралуу ырчы Инстаграм баракчасына жазып калтырган.
"Менин "Дом-2" реалити-шоусундагы окуяларыма чекит коюлду. Жакынкы күндөрү "Дом-2" долбоорунун жаңы съёмкалары башталды. Бирок бул жолу мен катышпайм. Көп убакыт ойлонгондон кийин аталган долбоордон кетүү тууралуу чечим кабыл алдым. 17 жыл "Дом-2" долбоорунда катыштым. Бул жылдар аралыгында аталган долбоор менен жашоомдун эң сонун күндөрү өттү.
Москвага 18 жашымда келгем. Андан соң аталган долбоорго катышып калдым. Чындыгында бул долбоор менен жашадым, жакшы көрдүм. Сиздердин көз алдыңыздарда чоңойдум. Менин чоң үй-бүлөм болуп бердиңиздер.
Берүүдө Ксения Собчак менен Ксения Бородинаны биринчи жолу көргөм, кийин алардын катарында алып баруучу болуп отурганым кечээ эле болгондой эсимде. Булардын баары мага мүмкүнчүлүк гана эмес, укмуштуудай окуя катары эсимде калат.
Азыр бул текстти жазып жатып, көзүмдөн жаш кылгырып турат. Мындан ары дагы алдыга жылышым керек. "Дом-2" долбоорунун катышуучу дагы, алып баруучу катары дагы биротоло кетип жатам.
Баарыңыздарды жакшы көрөм!", - деп жазып калтырган алып баруучу Ольга Бузова.