Өкмөттүн тапшырмасы менен жазгы талаа иштерин үзгүлтүксүз уюштуруу максатында айыл-чарба техникаларынын тетиктерин сатуучу түйүндөр уюштурулду. Учурда республиканын аймактарында запастык бөлүктөрдү саткан 80ден ашык дүкөн иштеп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
"Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы дыйкандардын буюртмасынын негизинде Бишкек шаарындагы дүңүнөн соода кылган ишкерлер менен биргеликте облустарга айыл-чарба техникаларынын тетиктерин жеткирүү иштери уюштурулду. Ал эми Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарындагы фермерлер техниканын запастык бөлүктөрүн Ош жана Жалал-Абад шаарында жайгашкан бизнес-соода кампаларынан алышууда.
Жер-жерлерде иштеп жаткан чакан соода түйүндөрүн айыл-чарба техникаларынын тетиктери менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында Бишкек шаарында жайгашкан "Кудайберген" базарындагы контейнерлерге өзгөчө кырдаал убагында иштөөсүнө уруксат берилди.
Ошондой эле айыл-чарба техникаларын жана алардын тетиктерин сатуучу компаниялар дыйкандардын буюртмасына ылайык, техникаларды, запастык бөлүктөрдү сатуу, жер-жерлерге жеткирип берүү боюнча ишин улантышууда", - деп айтылат маалыматта.
Жазгы талаа иштери жүрүп жаткан маалда башка аймактардан жардамга келген айыл-чарба техникалары облустардын ичиндеги жолдордон тоскоолдуксуз өтүшүнө шарттар түзүлдү.