"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 141 миллион 124 миң 378 адам жуктуруп алды

Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 141 миллион 124 миң 378 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 80 миллион 612 миң 103 бейтап айыгып чыкса, 3 миллион 17 миң 555 адам илдеттен каза болду. Статистикалык маалымат бүгүн, 19-апрелге карата алынды.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 31 миллион 669 миң 880 болду. 567 миң 217 адам каза болсо, канча адам айыгып чыкканы боюнча маалымат жок.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 14 миллион 788 миң 109 адамдан аныкталды. 177 миң 150 адам каза болсо, 12 миллион 671 миң 220 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 13 миллион 943 миң 71 адам вируска кабылган. 373 миң 335 бейтап көз жумса, 12 миллион 809 миң 643 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан