Бишкекке "чаң салып" кеткен Илья Варламов коронавирусту уу коргошун менен дарылоо тууралуу пикирди шылдыңга алды

Белгилүү орусиялык блогер Илья Варламовдун Кыргыз өлкөсүнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Алымкадыр Бейшеналиев жана Садыр Жапаровдун коронавирусту уу коргошун менен дарылоо мүмкүн экендиги тууралуу билдирүүсүнө өз пикирин жарыялады. Бул тууралуу видеону ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөдү.

Блогердин айтымында, бул тамыр адамга да, жаныбарга дагы коркунучтуу, ал менен чымындарды жана таракандарды да ууландырат.

"Адамдар үчүн өкүнүчтүү, алардын канчасы уу менен өлөрү белгисиз. Дегеле президент жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы текшерилбеген дарыларды колдонууга кеңеш беришкени таң калычтуу", - деген блогер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Urmat78
2021-04-20 12:49:07
Корона вирусту дарылабаса да иммунитетти которот туура пайдаланса.
+6
Future11
2021-04-20 13:33:39
Urmat78, Ичсен өзүн ууланып иче бер башкаларга тануулабай. Организм туура эмес реакция кылып,адамдар өлүп калышы да мүмкүн
0
Shabi
2021-04-20 14:01:05
Urmat78,садыр Камчы анан ошол сага окшогон фанаттар,ошол чоп менен силер иммунитеттинерди которо бергиле
+3
bond02
2021-04-20 13:15:36
Блогер туура айтат.
+5
Agayu
2021-04-20 13:30:12
Биздин журналисттерге блогерлерге майдай жакты .Атай пай
-1
zhazgul98
2021-04-20 13:44:04
Адамдан откон коркунучтуу уу жок. Садыр Жапаров табыпчы болуп кеткенби. Садыр уят нерседен алыс болуңуз. Билимсиздиктин колдоочулары адамзаттын эң ачуу душмандары. Элди Ырым жырымдар менен дарылоо коркунучтуу, анын болушуна жол берүү - сабатсыздык, ага сабырдуулук менен мамиле кылуу - бул билимсиздик менен тил табышуу, орто кылымдагы караңгылыкты жандандыруу дегенди билдирбейби?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан