Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 пандемиясына байланыштуу өзгөчө кырдаал режимин үч айга узартты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, уюмдун өзгөчө кырдаал боюнча комитети Женева шаарында өткөн отурумда бул тууралуу кеңири талкуу жүргүзгөн. Аталган уюмдун башкы директору COVID-19 пандемиясына байланыштуу өзгөчө кырдаал режимин киргизүү боюнча комитеттин сунушу менен макул болгон.
Эксперттер пандемия "Дагы деле кооптуу жана дүйнө калкынын ден соолугуна терс таасирин тийгизип жатат" деген бүтүмгө келишкен. Оорунун жайылуу коркунучу жана анын эл аралык транспортко тийгизген таасири макулдашылган жоопту талап кылары белгиленген.
ДССУнун өзгөчө кырдаалдар боюнча комитетинин кезектеги жыйыны уюмдун башкы директорунун чечими менен үч айдан кийин же андан эрте өткөрүлөт.